Окуучунун өлүмү. Акыйкатчы институту М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатка мониторинг жүргүздү

Загрузка... 04 Июнь 2025 17:40
WhatsApp Image 2025-06-04 at 17.22.58.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Мукаш Абдраев атындагы Республикалык музыкалык мектеп-интернатына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 24-майда аталган музыкалык мектеп-интернаттын 9-классынын окуучусунун өлүмү катталган. Өспүрүм дааратканадан асынган абалда табылган.

Мектептин директорунун милдетин аткаруучу Гоар Баетованын маалыматына караганда, бала бул мектепте 1-класстан бери окуп, интернатта жашап келген. Анын окуусунда жана курбу-курдаштары менен мамилесинде эч кандай көйгөйлөр болгон эмес.

Учурда бул окуя боюнча Биринчи май РИИБи тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындан тышкары, окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнү белгилүү болду.

Музыкалык мектепте 1-класстан 11-класска чейин 513 окуучу билим алат, алардын ичинен 200 бала жатаканада жашайт.

Акыйкатчы институту билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө мектептин штатында социалдык кызматкер, психолог жана түнкү убакыттагы тарбиячы каралган эмес.

Гоар Баетованын айтымында, түнкү кезекте жалгыз тарбиячы калып, ал балдарга да, кыздарга да көзөмөл жүргүзүүгө аргасыз болот.

“Биздин штаттык бирдиктерибизде түнкү тарбиячы каралган эмес. Бирок биз өз тарбиячыларыбызга түнкүсүн нөөмөттө турууну милдеттендиргенбиз”, — деди ал.

Билим берүү мекемесинин уставында тарбиячы балдардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн жооптуу деп көрсөтүлгөнү менен, түнкү тарбиячылардын маселеси мектеп түзүлгөндөн бери чечиле элек.Ошондой эле мектепте окуучулар өз кайрылууларын, арыз-даттанууларын жана сунуштарын калтыра ала турган атайын кутуча же журнал жок.

Мектепке видеокөзөмөл орнотулган, бирок, ага кирүү укугу директордо гана бар. Ал эми директор болсо саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Күзөтчүлөр видеокөзөмөлдү карай албагандыктан 24 сааттык байкоо болбойт.

Акыйкатчы институту Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине мектепти жакын арада психолог жана социалдык кызматкерлер менен камсыздоону сунуштап кат жөнөткөнү айтылды.

Жамиля Жаманбаева түнкүсүн интернаттарда тарбиячылардын, психологдун жана социалдык кызматкердин болушу балдардын психологиялык жана физикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын укуктарын коргоо үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.