Окумуштуулар климаттык катастрофа тууралуу эскертишти

Дүйнө Загрузка... 16 Октябрь 2025 13:44
1559214440_0_97_307.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Канадалык Макгилл университетинин окумуштууларынын изилдөөсүндө айтылгандай, парник газдарынын тынымсыз бөлүнүп чыгышынан улам деңиз деңгээлинин жогорулашы дүйнө жүзү боюнча жээктеги шаарлардын кыйрашына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу РИА новости жазды.

"Келечекте деңиз деңгээли жогорулап, бул жээктеги шаарларды акырындык менен суу капташына алып келет деп күтүлүүдө", — деп айтылат материалда.

Окумуштуулардын тыянактарына ылайык, Африка, Түштүк-Чыгыш Азия, Түштүк жана Борбордук Америкадагы жээк шаарларынын курулуштары суу каптоо коркунучу жогору болгон аймакта жайгашкан.

Ошол эле учурда изилденген аймактагы 840 млн имараттын ичинен 2100-жылга карата деңиз деңгээли 20 метрге көтөрүлсө, 136 млн имарат жабыркайт. Бул курулуштардын көбү жыш отурукташкан, жапыз жайгашкан аймактарда болгондуктан, порттор, инфраструктура жана маданий мурастар объектилери да коркунуч алдында калышы мүмкүн.