Окумуштуулар жаңы антибиотик ойлоп табышты

Дүйнө Загрузка... 20 Октябрь 2025 11:55
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. Урал федералдык университетинин (УрФУ) окумуштуулары сезгенүүгө каршы жана антибактериалдык касиеттери бар жаңы кошулманы түзүштү. Бул кошулма алтын түстүү стафилококкту кошо алганда, антибиотиктерге туруктуу бактерияларга каршы дары-дармектердин негизин түзүшү мүмкүн. Жыйынтыктар Journal of Molecular Structure журналында жарыяланды, деп билдирет РИА Новости.

УрФУнун химиктери Россиянын Илимдер академиясындагы жана Индия университеттериндеши кесиптештери менен биргеликте ибупрофендин жана мефенам кислотасынын модификацияланган формаларынын негизинде сегиз жаңы кошулманы синтездешти. Алардын экөө жогорку активдүүлүктү жана аз терс таасирлерди көрсөттү.

Долбоордун жетекчиси, профессор Григорий Зырянов белгилегендей, бул заттар циклооксигеназаны натыйжалуу бөгөттөп, сезгенүүнү, шишикти жана ооруну азайтат, ошондой эле антибактериалдык активдүүлүктү, өзгөчө алтын түстүү стафилококко каршы активдүүлүктү көрсөтөт. Натыйжалуулугу боюнча алар диклофенактан жогору жана гентамицин менен салыштырууга болот.

Учурда бул заттар лабораториялык in vitro (айнек идиште) сыноолорунан өттү, кийинки этапта алар жандуу организмдерде текшерилет.