Окумуштуулар узак жашоонун жөнөкөй ыкмасын табышты

Дүйнө Загрузка... 11 Ноябрь 2025 12:53
owl_detail_620_9477.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Улуу Британиялык окумуштуулар кофе, чай жана суунун туура катышы адамдын өмүрүн узарта турганын аныкташты.

British Journal of Nutrition (BJN) журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, эрте өлүм коркунучу эң аз болгондор — бул күнүнө болжол менен жети-сегиз чыны суусундук ичкендер, мында кофенин эки бөлүгү чайдын үч бөлүгүнө туура келет.

Изилдөө UK Biobank маалымат базасындагы 182 миңден ашык катышуучунун 13 жыл бою жүргүзүлгөн байкоосуна негизделген. "Тең салмактуу режимди" карманган адамдардын жүрөк-кан тамыр, дем алуу жана тамак сиңирүү ооруларынан каза болуу коркунучу азыраак болгон. Бирок, бул пайда суюктуктун жалпы көлөмү жетиштүү болгондо гана байкалган — күнүнө төрт чыныдан аз ичүү эч кандай натыйжа берген эмес.

Окумуштуулар кофенин курамында кан тамырларды жана ичеги-карындарды коргой турган хлороген кислотасына бай экенин, ал эми чайдын курамында сезгенүүгө каршы касиети бар катехиндер бар экенин түшүндүрүшөт. Алар бирге организмдин антиоксиданттык коргонуусун күчөтөт.

Бирок, эксперттер кофеинди ашыкча керектөө (күнүнө үч чөйчөктөн ашык кофе) уйкусуздукка алып келип, жүрөктүн кагышын жогорулатат, андыктан ченеми менен колдонуу керектигин эскертишет.