Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Окумуштуулар Сатурндун Энцелад спутнигинде жашоого шарттар болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Оксфорд университети менен АКШнын Түштүк-Батыш изилдөө институтунун окумуштуулары жүргүзгөн жаңы изилдөөдө Энцеладда океан бар жана ал "бөтөн планеталык жашоого" ылайыктуу болушу мүмкүн экендиги белгиленет.
Негизи буга чейин Энцеладдын түштүк уюлунан жылуулук чыгары айтылып келген. Бирок жаңы изилдөөдө түндүк уюлунда да чоң жылуулук агымы бар экени аныкталды.
Окумуштуулардын айтымында, бул жылуулук океандын узак убакыт бою суюк абалда калышына жардам берет. Ал эми бул болсо Энцеладдын ичинде жашоо үчүн туруктуу шарттар болушу мүмкүн дегенди билдирет.
Белгилей кетсек, Энцелад — Сатурндун алтынчы ири жана орбитадагы он төртүнчү спутниги болуп саналат.