Бишкек, 07.10.25 /Кабар/. Эл аралык окумуштуулар тобу ар кайсы өлкөлөрдөн музыканттардын, сүрөтчүлөрдүн жана бийчилердин мээсин изилдеп, чыгармачылык иш мээнин молекулярдык деңгээлде жаш калышына себепчи болорун аныктап чыгышты. Бул тууралуу Nature журналына таянып, Известия агенттиги жазды.
Изилдөөдө “мээ сааты” деп аталган моделдер колдонулуп, адамдын мээси канчалык жаш көрүнөрүн эсептешкен. Натыйжада, чыгармачылык менен көп машыккан адамдардын мээси жайыраак картаяры белгилүү болгон.
Өзгөчө айырма аргентиналык танго бийчилеринде байкалган. Алардын мээси орточо эсеп менен жети жашка “жашыраак” болуп чыккан. Изилдөөчүлөр бул көрүнүштү бийдин татаалдыгы — пландоо, координация жана эс тутумду жакшыртканы менен түшүндүрүшөт.
Окумуштуулар жыйынтыгында чыгармачылык көнүгүүлөр кадимки кроссворд же сан оюндарга караганда мээнин көбүрөөк бөлүгүн иштетерин, ошондуктан карылыкка каршы эң жакшы ыкмалардын бири экендигин белгилешкен.