Оксфорд университети жасалма интеллект менен вакциналарды изилдейт

Дүйнө Загрузка... 01 Сентябрь 2025 14:05
WhatsApp Image 2025-09-01 at 13.48.37.jpeg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 1.09.25 /Кабар/. Оксфорд университети вакциналарды жасалма интеллект (ЖИ) аркылуу изилдөө боюнча уникалдуу долбоорго дээрлик 160 миллион долларлык грант алат. Бул тууралуу Financial Times басылмасына таянып, Риа Новости жазды.

Маалыматка ылайык, каржылоону АКШдагы Эллисон технологиялык институту берет. Беш жылдык долбоорго 118 миллион фунт стерлинг (159 млн доллардан ашык) бөлүнөт. Аны ал COVID-19га каршы AstraZeneca вакцинасынын сыноолорун башкарган профессор Эндрю Поллард жетектейт. Бул Оксфорд окуу жайынын тарыхындагы эң ири гранттардын бири болуп саналат.

Изилдөө учурунда катышуучуларга атайын көзөмөл шартында айрым бактериялар атайылап жугузулат. Бул ыкма иммундук системанын кантип иштээрин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Айрыкча антибиотик менен дарылоо кыйын болгон бактерияларга көңүл бурулат.

Долбоор ичеги таякчасы, пневмококк, алтын сымал стафилококк сыяктуу патогендерге каршы жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган. ЖИнин жардамы менен окумуштуулар иммундук системанын коргонуу жолдорун изилдеп, вакцинанын керектүү бөлүгүн тандап алууну көздөшөт.