Ок атуу боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандык спортчулар коло медаль утту

Спорт 09 Февраль 2026 13:30
631804566_918825023824049_8798021772733851719_n.jpg
631138427_918825033824048_58033921854368767_n.jpg
631974533_918825017157383_1795054614790917519_n.jpg
Алдыга
Артка
631804566_918825023824049_8798021772733851719_n.jpg
631138427_918825033824048_58033921854368767_n.jpg
631974533_918825017157383_1795054614790917519_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар ок атуу спорту боюнча Азия чемпионатында коло медаль утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ВП-6 көнүгүүсүндө (пневматикалык мылтык, жуп (микс) кыргызстандык спортчулар жогорку тактыкты жана мыкты командалык ырааттуулукту көрсөттү. Мелдештин жыйынтыгында Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташева 3-орунду ээлеп, континенттик биринчиликтин коло байсине ээ болушту.

Ошондой эле пневматикалык мылтыктан ок атуу (Air Rifle) көнүгүүсүндө кыз-келиндер арасындагы командалык мелдеште да кыргызстандык спортчулар 3-орунду багындырып, коло медаль тагынды. Команданын курамында Албина Түлебердиева, Даткайым Садыкова жана Жибек Бекташева бар.

Азия чемпионаты 2-февралдан 14-февралга чейин өтүп, мелдештер өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өтүүдө. Турнирге 19 өлкөдөн 385 спортсмен катышууда.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатында Кыргызстандын атынан 16 спортчу жана 3 машыктыруучу катышууда.