Огайодогу атышууда бир киши көз жумду — Кабар

Огайодогу атышууда бир киши көз жумду

Дүйнө 5 февраль 2025 18:35
Огайодогу атышууда бир киши көз жумду
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. АКШнын Огайо штатындагы ишканадагы атышууда бир киши көз жумуп, 5 адам жаракат алды.

NBC4i порталы кабарлагандай, атышуу Нью-Олбани шаарындагы косметика каражаттарын чыгарган ишкананын кампасында болгон.

Жаракат алган беш жумушчу ооруканада, азырынча абалдары тууралуу маалымат айтыла элек.

Полиция шектүүнүн өздүгүн тактап, камакка алуу үчүн издөө жарыялады.