Нью-Жерсиде учак кулап, беш адам жабыркады

Дүйнө 3 июль 2025 08:55
Нью-Жерсиде учак кулап, беш адам жабыркады

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.25./Кабар/. АКШнын Нью-Жерси штатынын Глостер округунда бортунда 14 адамы бар бир моторлуу учак кулап түшкөн. Бул тууралуу ТАСС АВС телеканалы кабарлаганын жазды.

Маалыматтар боюнча, учак кырсыгында кеминде беш адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Алардын абалы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Кырсык Уильямстаун шаарынын аэропортуна жакын жерде болгон.