Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. АКШнын Нью-Жерси штатында 1,3 миң гектар токой аянты өрттөндү. Бул тууралуу Коммерсант гезити кабарлады.
Маалыматка караганда, тилсиз жоо коркунуч туудурганга байланыштуу Оушен округундагы 3 миң жергиликтүү тургун эвакуацияланды.
Өрт кызматынан белгилешкендей, өрт каптаган жер аянтынын 5%ы гана чектөөгө алынган. Азырынча өрттүн себептери айтыла элек. Улуттук метеорологиялык кызмат тилсиз жоонун жайылышына кургакчылык жана катуу шамал таасир тийгизгенин айтууда. Өрттүн кесепетинен 23 миңдей электр энергиясын колдонуучу жарыксыз калды.
Бүгүнкү күндө өрт Барнегат шаарында уланып жатат. Лейсиде жашоочулар үчүн убактылуу жайгаша турган пункт уюштурулду. Учурда жабырлануучулар жок.