Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Нью-Йорктун эки тургуну эбола вирусуна шектелүүдө. Бул тууралуу New York Post гезити кабарлады.
Маалыматка караганда, жашоочулар жакында АКШга Угандадан келген. Аларда байкалып жаткан оорунун белгилери эбола вирусунукуна окшошууда.
Дарыгерлер азырынча анализдин жыйынтыгын ала элек, бирок бейтаптарды оорукананын тез жардам бөлүмүнө жаткырышты.
Уганданын Саламаттык сактоо министрлиги 30-январда оорунун күч алганын билдирген. Андан көп өтпөй ушул илдеттен 32 жаштагы медайым каза болгон. Бул ушуну менен Угандада вирус жетинчи ирет күч алууда. Буга чейин оору 2022-жылдын аягында жайылып, 55 адам көз жумган.
Эбола вирусунун алгачкы учуру Конго өлкөсүндө 1976-жылы катталган. 2014-2016-жылдары Батыш Африканын аймагында оорунун күч алышынан улам 11 миңден ашуун адам каза тапкан.