Нью-Йоркто эки учак кагышты

Дүйнө Загрузка... 02 Октябрь 2025 10:40
1454901368_0_0_2765.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 02.10.25 /Кабар/. АКШнын Нью-Йорк шаарындагы «Ла-Гуардия» аэропортунда эки учак кагышып, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости ABC телеканалына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя шаршемби күнү кечинде болгон. Delta авиакомпаниясына таандык эки регионалдык учак аэродромдо жай жүрүп бара жатып, жай ылдамдыкта кагышкан. Бир учактын оң канаты экинчисинин тумшугуна тийген.

Пилоттор эң азы бир адам жабыркаганын билдиришкен. Учурда окуянын себептери такталып жатат