Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Нью-Йорк шаары жана Нью-Жерси штаты 2026-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүдөн 3,3 млрд доллар киреше табат. Бул тууралуу Интерфакс мелдештин аймактык комитетинин уюштуруучуларынын отчетунда айтылганын жазды.
Маалыматта белгиленгендей, 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын сегиз беттеши, анын ичинде финалдык оюн Нью-Жерсиде жайгашкан Metlife стадионунда өтөт.
Матчтарга 1,2 млн турист жана күйөрман келет деп күтүлүүдө, бул аймактагы керектөө чыгымдарын болжол менен 1,7 млрд долларга көбөйтөт.
26 миң жаңы жумуш орундарын түзүүнүн эсебинен экономикага дагы 1,3 млрд доллар алып келет.
Жергиликтүү бюджетке салыктар жана жыйымдардан 432 млн долларга жакын кошумча киреше түшөт.
2026-жылдагы дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексиканын 16 шаарында өтөт. Турнирге биринчи жолу 48 команда катышат.