Нью-Делиде абанын булганышы коопсуз чектен 56 эсе ашты

Дүйнө Загрузка... 24 Октябрь 2025 10:04
WhatsApp Image 2025-10-24 at 07.56.05.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Индиянын борбору Нью-Делиде абанын сапаты кескин начарлап, шаарды уулуу ыш каптады. Бул тууралуу швейцариялык IQAir компаниясынын маалыматына таянып, Известия билдирди.

Анда белгиленгендей, абадагы булганыч заттардын деңгээли коопсуз нормадан 56 эсе жогорулаган. Ал эми бул абал Дивали майрамы маалында колдонулган пиротехника жана фейерверктерден чыккан уулуу түтүндөрдүн көбөйүшүнөн улам күчөгөн.

Индияда “жашыл пиротехникаларды” гана колдонууга уруксат берилет. Алардын курамында уулуу заттар азыраак жана аларды күнүнө үч саат гана аттырууга уруксат берилет. Бирок, Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, көпчүлүк бул чектөөлөрдү сактабай, петардаларды белгиленген убакыттан тышкары да колдонушкан.

Индиянын Жер илимдер министрлиги абанын сапаты жакынкы күндөрү да өтө начар бойдон кала турганын билдирди. Белгилей кетсек, аталган өлкөдөгү маанилүү диний майрамдардын бири - Дивали 19–23-октябрь күндөрү белгиленди.