Нуржан Шайлдабекова БШКнын төрайымы кызматынан кетти

Кадрлар жана дайындоолор 10 февраль 2025 19:30
Нуржан Шайлдабекова БШКнын төрайымы кызматынан кетти

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Нуржан Шайлдабекова Боршайкомдун төрайымы кызматынан кетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине БШКдан билдиришти.

Нуржан Шайлдабекованын өз каалоосу боюнча жазган арызын БШК мүчөлөрү карап, анын чечимин колдоп беришти.

Шайлдабекова БШКнын төрайымы болуп 2016-жылы жана 2021-жылы эки ирет шайланган.