Бишкек, 01.03.26 /Кабар/. Дагы бир кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча «Muhamet Malo – 2026» эл аралык рейтингдик турниринде72 кг чейинки салмак ченинде күмүш медалдын ээси болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал финалга чейинки бардык этаптарда ишенимдүү күрөш көрсөткөн:
1-айлампа: Даниэла Браснарованы (Болгария) — 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди;
2-айлампа: Индиялык Решма Манени 4:0 эсебинде алдыда бара жатып, таза жеңиш (туше) менен утту;
3-айлампа: Индиянын дагы бир өкүлү Дикша Маликти 8:0 эсебинде артта калтырды;
Жарым финал: Польшалык Виктория Чолуйду 2:1 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.
Чечүүчү финалдык кармашта Нурзат Нуртаева казакстандык балбан Жамиля Бакбергенова менен кез келип, 3:14 эсебинде утулуп, турнирдин күмүш медалын тагынды.