Нурланбек Тургунбек уулу Рустами Эмомали менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Жогорку Кеңеш Загрузка... 15 Сентябрь 2025 15:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, алгач тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда жолугушкан төрагалар эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелерин талкуулашты.

Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Тажикстан менен жакын коңшулук жана достук мамилелерди бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Эки өлкө башчыларынын саясий эркинин натыйжасында чек ара маселеси чечилип, кыргыз-тажик кызматташтыгынын жаңы барагы ачылды. Жетишилген келишим эки элдин гана ынтымагын арттырууга өбөлгө түзбөстөн, жалпы Борбор Азия чөлкөмүндөгү туруктуулукту камсыздоого көмөкчү болору анык”, – деди.

Ошондой эле кызматташтыкты кеңейтүүдө парламенттердин да ролу чоң экенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Кабыл алынган келишимдердин ийгиликтүү ишке ашуусуна мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүп, эл өкүлдөрү катары кыргыз-тажик алакасын жаңы деңгээлге чыгарууга жардам беришибиз керек. Айрыкча Жогорку Кеңеш тажик парламенти менен эки тараптуу байланыштарды бекемдеп, эл аралык аянтчаларда да биргелешип иш алып барууга кызыкдар. Бул үчүн биз Парламенттер аралык комиссия түзүп, депутаттык достук топторунун ишин да активдештирүүбүз кажет”, – деди.

Муну менен катар кыргыз тарап комиссиянын жобосун иштеп чыгып, алгачкы жыйынын 2026-жылы Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экендигин кошумчалады. 

Андан тышкары, мамлекеттик чек аралардын такталышы жана президент Садыр Жапаровдун Тажикстандагы мамлекеттик сапары эки өлкө ортосундагы байланыштарды арттырып, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөнүн белгилеген Төрага: “Биз мындан ары да соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган аракеттерди жигердүү улантып, экономикалык өнөктөштүктү өрчүтүүбүз зарыл. Айрыкча Кыргызстан Тажикстанга эт-сүт азыктарын, кийим-кечектерди, көмүр, айнек жана шекер сындуу товар түрлөрүн экспорттоого кызыкдарбыз. Бул үчүн биргелешкен өндүрүштүк кооперацияларды түзүп, инфраструктуралык маселелерди чечишибиз керек”, – деген пикирин билдирди. 

Жолугушууда Бишкек менен Душанбе шаарларынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү маселеси да көтөрүлүп, төрага Нурланбек Тургунбек уулу 2028-жылы боло турган Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата улуу калемгердин ысымын Тажикстандын борбор калаасындагы негизги көчөлөрдүн бирине ыйгаруу сунушун берди.

Ошону менен катар тараптар Тажикстанда жашаган кыргыздардын, ал эми Кыргызстанда жашаган тажиктердин тилин, маданий-руханий баалуулуктарын өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү. 

Өз кезегинде Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали да узак жылдарды камтыган кыргыз-тажик алакасын өнүктүрүү учур талабы экенин айтып, төрага Нурланбек Тургунбек уулунун бул расмий сапары парламенттер аралык байланышты жаңы деңгээлге чыгарат деген ишеничте экенин билдирди.

Андан тышкары, эки өлкөнүн парламенттери эл аралык аянчаларда да бири-бирин колдоп келе жатканын белгилеген Рустами Эмомали: “Калыптанган кызматташтыкты жаңы багыттарда да өнүктүрүп, айрыкча эки мамлекеттин соода байланышын жигердүү улантуубуз зарыл”, – деди. 

Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тажик элинде да зор кызыгуу менен окуларын айткан Рустами Эмомали калемгердин ысымын Душанбе шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгаруу сунушун колдой тургандыгын кошумчалады. Алсак, Рустами Эмомали Тажикстандын борбор калаасы Душанбенин мэри да болуп эсептелет.