Нурланбек Тургунбек уулу иш сапары менен Казакстанга келди

Жогорку Кеңеш 3960 10 Июнь 2025 15:10
505812766_735308692279533_5574061072033093780_n.jpg
492552060_735308685612867_1589028178962358956_n.jpg
497872186_735308745612861_3937214661174816555_n.jpg
499480141_735308762279526_4315792949839352971_n.jpg
Алдыга
Артка
505812766_735308692279533_5574061072033093780_n.jpg
492552060_735308685612867_1589028178962358956_n.jpg
497872186_735308745612861_3937214661174816555_n.jpg
499480141_735308762279526_4315792949839352971_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу иш сапары менен Казакстанга келди. Бул тууралуу парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргыз делегациясын Астана шаарында жайгашкан Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аба майданынан Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасынын орун басары Альберт Рау баштаган жетекчилер тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Нурланбек Тургунбек уулу эки өлкөнүн Парламенттер аралык кеңешинин III жыйынына катышат.

Муну менен катар эртең Түрк мамлекеттеринин Парламенттик уюмунун кеңешинин кезектеги отуруму жана XIV пленардык жыйыны өтөт.

Кошумчалай кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов, Айсулуу Мамашова жана Аппараттын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.