Нурлан Жумаев Суу ресурстары кызматынын директору болду

Кадрлар жана дайындоолор
Нурлан Жумаев Суу ресурстары кызматынын директору болду
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Нурлан Жумаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары - Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Нурлан Жумаевди жамаатка тааныштырды.

Нурлан Жумаев 1974-жылы туулган, эки жогорку билимдүү, Казак айыл чарба институтун, андан соң Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. 

Токой чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана агроөнөр жай тармагында 30 жылга жакын тажрыйбага ээ. 

  • 2002-жылдан баштап ар кандай түзүмдөрдө жетекчи кызматтарда иштеген: Жети-Өгүз токой чарбасынын директору (2003-2005), Мамлекеттик токой кызматында жана Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде бөлүм башчы (2005-2010).
  • 2010-жылы президенттин администрациясынын жана өкмөттүн аппаратынын түзүмдөрүндө агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу боюнча эксперт, ал эми 2012-2015-жылдары экология жана АӨК маселелери боюнча эксперт катары мамлекеттик кызматты баштаган.
  • 2015-2021-жылдары Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, андан соң токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген. 
  • 2021-2024-жылдары Айыл чарба министрлигинин Токой чарба бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2024-жылдын мартынан тарта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.