Нурлан Кулжыгачев “Бишкек жылуулук электр борбору” ишканасын жетектейт

Кадрлар жана дайындоолор 16 июль 2025 18:01
Нурлан  Кулжыгачев “Бишкек жылуулук электр борбору” ишканасын жетектейт

Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясында кадрдык дайындоолор жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Нурлан Кулжыгачев “Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

Ал буга чейин аталган ишкананын ишенимдүүлүк жана коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.