“Нуркидс” балдар үчүн коопсуз жана тарбиялык контент сунуштайт – негиздөөчү

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Биздин платформанын негизги максаты - балдарга сапаттуу, коопсуз жана пайдалуу контент тартуулоо болуп саналат. Бул тууралуу “Нуркидс” онлайн-платформасынын негиздөөчүсү Нур Сарыгулова таанытым учурунда билдирди.

WhatsApp Image 2026-08-05 at 12.45.00.jpeg

Анын айтымында, долбоордун үстүнөн психологдор, редакторлор, креаторлор жана чыгармачыл жаштардан турган кесипкөй команда эмгектенет. Алар балдардын кызыгуусуна жооп берген заманбап жана трендге ылайык видеолорду даярдап, ошол эле учурда билим берүү, боорукерлик жана тарбиялык баалуулуктарды жайылтууга басым жасашат.

“Биздин максат – балдардын таза, ак ниеттүү мазмундагы контентти көрүп, агрессиядан алыс болушу. Видеолор балдар сүйгөн форматта тартылат, бирок алардын ар биринде билимге үндөгөн, жакшылыкка чакырган жана Кыргызстанга, өз мекенине, тарыхына болгон сүйүүнү калыптандырган тарбиялык маани камтылган” – деди Нур Сарыгулова.

Учурда “Нуркидс” бир нече форматта иш алып барууда. Алардын катарында мультфильмдер, окутуучу видеолор, интерактивдүү сабактар жана билим берүү программалары бар.

Платформанын контенти “Этномедиада” “Супер ТВ Нуркидс” жана SkyNet TV санарип платформаларында жеткиликтүү. Мындан тышкары, колдонуучулар тиркемени жүктөп алуу менен контентти көрүп, пайдалана алышат.

Долбоордун автору “Нуркидс” келечекте балдар үчүн коопсуз жана сапаттуу санариптик контент сунуштоо боюнча алдыңкы платформалардын бири болууну көздөйт.