Өлкөдөгү белгилүү кесипкөй адис жана эксперт, Кыргыз фондулук биржасынын негиздөөчүлөрүнүн жана жетекчилеринин бири, Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын мурдагы жетекчиси Нурбек Элебаев “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстанда биржа соодасын жана каржы рыногун өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан негизги көйгөйлөр кайсылар, аны жагымдуураак кылуу үчүн каржы рыногунда эмнелерди өзгөртүү керек жана аны өнүктүрүү процессинде блокчейн технологияларды колдонуу зарылдыгы тууралуу айтып берди.
-Нурбек Беккулович, сиздин көз-карашыңызда Кыргызстанда биржа соодасынын жана каржы рыногунун өнүгүшүнө кайсы негизги көйгөйлөр тоскоол болуп жатат?
– Өнүктүрүүнүн алсыздыгынын негизги себептеринин бири – бул биринчи кезекте баалуу кагаздар рыногунун тийиштүү ликвиддүүлүгүнүн жоктугу. Тилекке каршы, 1997-жылы Кыргызстанда массалык менчиктештирүү токтотулган жана бүгүнкү күндө өлкөнүн негизги компанияларынын 85%, кээде 93–94% акциясы дагы эле мамлекетке таандык. Ошондуктан мамлекеттик капиталы бар айрым ири компаниялар фондулук биржада үчүнчү жеңилдиги жок категорияда катталган. Бул компаниялар активдүү биржалык соодага катышпайт, андыктан атамекендик инвесторлорду да, чет өлкөлүк инвесторлорду да өзүнө анча тарта албайт.
– Фондулук рынокту жагымдуураак кылуу үчүн эмнени өзгөртүү керек?
– Биринчиден, рынокто алардын акцияларынын ликвиддүүлүгүн жогорулатуу жана аларды өнүктүрүүгө активдүү каржылык катышууга атамекендик инвесторлордун жана эл аралык инвестициялык коомчулуктун кызыгуусун ойготуу үчүн бир катар пландаштырылган элдик IPO аркылуу мамлекеттин катышуусу менен компаниялардын жагымдуу акцияларын рынокко алып чыгуу боюнча мамлекет менен биргелешкен аракеттерди демилгелөө зарыл. Кыргыз фондулук биржасында кошумча акциялардын же корпоративдик облигациялардын пилоттук чыгарылыштарынын сериясын жайгаштыруу инвесторлор үчүн ликвиддүүлүктү жана баалуу кагаздардын эркин жүгүртүүсүн жогорулатууга сапаттуу таасирин тийгизет.
– Бул процессте блокчейн технологияларын өнүктүрүүнү колдонуу керекпи?
– Бул өнүгүү процессинде санариптештирүү жана блокчейн технологияларын колдонуу өзгөчө роль ойношу керек. Президенттин демилгеси менен түзүлгөн Криптовалюталар боюнча Улуттук кеңештин алкагында капиталга муктаж компаниялар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн токенддерди чыгарса болмок, алар бир эле учурда Кыргыз фондулук биржасында жана буга кызыкдар болгон өлкөлөрдүн биржаларында жайгаштырылмак. Криптовалютада капиталды көбөйтүү бул рынокту заманбап, ачык жана жеткиликтүү кылат. Бул багытта бүгүн криптовалюта коркунуч эмес, капиталды тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк экенин түшүнүү керек.
Айрыкча белгилей кетүүчү жагдай, бүгүнкү күндө дүйнөлүк биржалар универсалдаштыруу жолу менен өнүгүп жатат, башкача айтканда, алар өз аянтчаларында ар кандай инструменттерге маани берүүдө. Анан криптовалюталар салттуу каржылык активдерге альтернатива катары каралып жатат. Кыргызстан криптовалюталардын мыйзамдуу жүгүртүүсүнүн өсүшүн камсыз кылуу жана экономиканын секторлорун санариптештирүү менен байланышкан тармактарына инвесторлорду кызыктыруу үчүн бул чөйрөдө жөнгө салууну күчөтүшү керек. Министрлер кабинетинин бул багыттагы демилгелерди колдоосу өлкөгө капиталды көбүрөөк тартуу боюнча мындан аркы кадамдарга жакшы негиз боло алат.
– КФБны өнүктүрүү үчүн стратегиялык артыкчылыкта мамлекет эмне кыла алат?
– Мамлекет биржанын негизги акционери болуп калды. Буга байланыштуу биринчи кезекте Кыргыз фондулук биржасынын 2026–2030-жылдарга өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгып, ишке ашырууну камсыз кылышы керек. Стратегияда программалык камсыздоону тийиштүү модернизациялоону, контрагентти түзүү аркылуу инфраструктураны чыңдоону жана соодалануучу инструменттердин секторлорун универсалдаштыруу же кеңейтүү жолу менен биржаны башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүүнү, инвесторлордун суроо-талаптарын толугураак канааттандырууну камсыздоосу керек.
Ошону менен бирге биржа ишмердүүлүгүндө бардык тараптарды толук жөнгө салууну камсыз кылуу да маанилүү. Мамлекеттик жөнгө салуунун эффективдүү варианттарынын бири болуп бир катар өлкөлөрдө колдонулган “твинпикс” модели саналат, ал бүткүл каржы рыногун пруденциалдык (ченемдик) жөнгө салуу тараптан да, финансы рыногунда профессионалдык ишмердүүлүктү толук өнүктүрүү жолу менен да башкарууну комплекстүү жана натыйжалуу уюштурууга мүмкүндүк берет.