Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Нью-Йорктун метросун суу каптады. Бул тууралуу Известия The Guardian басылмасы жазганын кабарлайт.
Анда белгиленгендей, Нью-Йорктун шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, метрополитендин линияларынын айрым бөлүктөрү убактылуу токтотулса, башкалары суу ташкынынан улам олуттуу кечигүүлөр менен иштеген.
Дүйшөмбү күнү кечинде АКШнын түндүк-чыгышында катуу жааган жамгыр шаардын бир нече аймагына таасир тийгизип, өзгөчө кырдаалдын жарыяланышына жана метронун ишинде кыйынчылыктарга алып келди.
Буга чейин Техас штатынын борборундагы катуу суу ташкынынан улам 50гө жакын адам каза болгону кабарланган. Алардын арасында 15 бала дагы бар экени айтылган.