Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 600,8 млрд сомду түздү

Экономика 14 сентябрь 2026 19:00
Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 600,8 млрд сомду түздү
copyright icon WWW

Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын январь-август айларында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 600,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн индекси 108,8% түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө негизги металлдарды өндүрүүнүн 3,1%га, тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки буюмдарын өндүрүүнүн 8,4%га, фармацевтикалык продукциянын 15,1%га, курулуш материалдарынын 33,4%га, жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык продукциянын 44,7%га, транспорт каражаттарынын 46,8%га өсүшү таасир этти.

Ошондой эле тазаланган мунай заттарын өндүрүү 1,8 эсеге, химиялык продукция 2,3 эсеге жана пайдалуу кендерди казып алуу 8,9%га өстү.

Мындан тышкары, оң көрсөткүчтөр курулуш тармагында да байкалып, анын көлөмү 1,6 эсеге көбөйгөн. Дүң жана чекене соода 4,4%га, айыл чарба тармагы 6,4%га өскөн.