Новосибирсктеги кыргызстандыктарга мыйзамдуу жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коом Загрузка... 05 Март 2025 13:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Россиянын Новосибирск шаарында жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктарга мыйзамдуу жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Түшүндүрүү иштери Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ж.Галиеванын Новосибирск шаарына иш сапары өттү.

Кыргызстандын жарандарынын арасында РФнын аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн өзүнүн укуктук абалын жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн алкагында бир катар жолугушуулар өттү.

Тактап айтканда, Г.Д.Заволокина атындагы Улуттук маданият үйүндө КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбековдун жана КР Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ж.Галиеванын Кыргызстандын жарандары жана Новосибирск облусунун кыргыз диаспорасы менен кеңейтилген жолугушуусу уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө РФ президентинин миграциялык жарлыгына ылайык, КРнын жарандарынын укуктук статусун легалдаштыруу тартиби жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, ошондой эле КРнын жарандарынын бир катар актуалдуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Башкы консул менен Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Новосибирск облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Е.Зырянова жана Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Болтенко менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү, укуктарын коргоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл эмгек мигранттарынын укуктарын сактоо жана алардын укуктук статусун мыйзамдаштыруу маселелерине, ошондой эле РФнын миграциялык мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу чараларына бурулду.

Ошондой эле мигранттардын балдарын укуктук жана социалдык жактан колдоо, алардын билим алууга, медициналык жана башка социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелеринде өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын баса белгилешти.