Норвегия Олимпиадада медалдардын саны боюнча дагы эле алдыңкы сапта

Спорт Загрузка... 16 Февраль 2026 10:40
WhatsApp Image 2026-02-16 at 08.34.28.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Италиядагы кышкы Олимпиада оюндарынын дагы бир күндүк мелдешинен кийин Норвегия курама командасы медалдардын саны боюнча алдыңкы орунда келе жатат.

Интерфакс маалымдагандай, норвегиялык спортчулар 10 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медалга ээ болушту.

Италия экинчи орунда, аларда 6 алтын, 3 күмүш, 9 коло бар, ал эми АКШ 5 алтын, 8 күмүш, 4 коло жеңип, үчүнчү орунга жайгашты.

Милан жана Кортина-д'Ампеццо шаарларындагы кышкы Олимпиада оюндары 22-февралда аяктайт.