Нооруз — ынтымактын жана өнүгүүнүн майрамы: Бишкектеги салтанат

Министрлер кабинети 21 Март 2026 14:40
69be55c88cc60-thumb.jpeg
69be55ab6f8bb-thumb.jpeg
69be55b2b3d30-thumb.jpeg
69be55b4d7322-thumb.jpeg
69be55b96dad1-thumb.jpeg
69be55c3dbb0b-thumb.jpeg
69be55c050eca-thumb.jpeg
69be55c60a4f5-thumb.jpeg
69be55cb1a9a9-thumb.jpeg
69be55ce11a72-thumb.jpeg
69be55d3ae6c2-thumb.jpeg
69be55d9ee67e-thumb.jpeg
69be55d733e72-thumb.jpeg
69be55d1806a4-thumb.jpeg
69be55dc90673-thumb.jpeg
69be55de2d8a3-thumb.jpeg
69be55df990e1-thumb.jpeg
69be55e7e0090-thumb.jpeg
69be55e9a3490-thumb.jpeg
69be55e3909f0-thumb.jpeg
69be55e6806ad-thumb.jpeg
69be55e185983-thumb.jpeg
69be55ec6fb86-thumb.jpeg
69be55ee1ef10-thumb.jpeg
69be55f2e65bc-thumb.jpeg
69be55f4e979c-thumb.jpeg
69be55f5dd07e-thumb.jpeg
69be55f96f338-thumb.jpeg
69be55f174f0c-thumb.jpeg
69be55f079162-thumb.jpeg
69be55f824921-thumb.jpeg
69be55fb028d6-thumb.jpeg
69be55fcc7c8f-thumb.jpeg
69be559a6df51-thumb.jpeg
69be559a6e942-thumb.jpeg
69be559fad317-thumb.jpeg
69be5590ba6b1-thumb.jpeg
69be559125e62-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69be55c88cc60-thumb.jpeg
69be55ab6f8bb-thumb.jpeg
69be55b2b3d30-thumb.jpeg
69be55b4d7322-thumb.jpeg
69be55b96dad1-thumb.jpeg
69be55c3dbb0b-thumb.jpeg
69be55c050eca-thumb.jpeg
69be55c60a4f5-thumb.jpeg
69be55cb1a9a9-thumb.jpeg
69be55ce11a72-thumb.jpeg
69be55d3ae6c2-thumb.jpeg
69be55d9ee67e-thumb.jpeg
69be55d733e72-thumb.jpeg
69be55d1806a4-thumb.jpeg
69be55dc90673-thumb.jpeg
69be55de2d8a3-thumb.jpeg
69be55df990e1-thumb.jpeg
69be55e7e0090-thumb.jpeg
69be55e9a3490-thumb.jpeg
69be55e3909f0-thumb.jpeg
69be55e6806ad-thumb.jpeg
69be55e185983-thumb.jpeg
69be55ec6fb86-thumb.jpeg
69be55ee1ef10-thumb.jpeg
69be55f2e65bc-thumb.jpeg
69be55f4e979c-thumb.jpeg
69be55f5dd07e-thumb.jpeg
69be55f96f338-thumb.jpeg
69be55f174f0c-thumb.jpeg
69be55f079162-thumb.jpeg
69be55f824921-thumb.jpeg
69be55fb028d6-thumb.jpeg
69be55fcc7c8f-thumb.jpeg
69be559a6df51-thumb.jpeg
69be559a6e942-thumb.jpeg
69be559fad317-thumb.jpeg
69be5590ba6b1-thumb.jpeg
69be559125e62-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жазгы күн менен түндүн теңелүүсү — Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Минкаб төрагасы жалпы журтка, борбор калаанын конокторуна, дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнө кайрылып, ал президенттин, министрлер кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан Кыргызстан элин тарыхтан бери аруулуктун, рухий тазалыктын, биримдикке чакыруунун салттары менен коштолуп келген эң байыркы жана өзгөчө майрамдардын бири болгон Нооруз майрамы менен куттуктады.

Минкаб төрагасы бул Нооруз майрамында улуттук чектер жок экенин, ал тынчтыктын, ынтымактын жана биримдиктин баалуулуктарын камтый турганын, маданияттарды бириктирип, көчмөн элдин бай мурасын сактай турганын белгиледи.

Өлкөнүн акыркы жылдарындагы жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурулду. Белгиленгендей, 2025-жылы Кыргызстан мамлекеттик чек арасын толугу менен жөнгө салып, бул мамлекеттүүлүктүн негизги көрсөткүчү жана азыркы геосаясий кырдаалда олуттуу жетишкендик болуп калды.

”Өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо — бул биздин чоң жетишкендигибиз жана бактыбыз. Кыргызстан тынчтыктын, диалогдун жана стабилдүүлүктүн жолун тандап алган өлкө бойдон калууда”, — деп белгиледи ал.

Анын сөзүндө өнүгүүнүн конкреттүү көрсөткүчтөрү белгиленди. 2025-жылдын аягында ички дүң продукт (ИДП) 2 триллион сомго жакындап, ал эми мамлекеттик бюджет 1 триллион сомдон ашты. Бул каражаттар экономиканы өнүктүрүүгө, калкты колдоого жумшалууда.

Белгиленгендей, 2026-жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө 38,5 миллиард сом бөлүнүп, 500 миңдей дыйканга колдоо көрсөтүлөт. Жыл сайын 100дөн ашык өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 200дөн кем эмес социалдык объект курулуп, жол куруунун көлөмү беш эседен ашык көбөйүп, ал жылына 1000 чакырымдан ашты.

Минкаб төрагасы социалдык саясаттагы өзгөрүүлөргө да токтолду. Алгачкы төлөмү жок жана 25 жылга чейинки мөөнөт менен ипотека киргизилип, быйыл өлкө боюнча 20 миңге жакын үй-бүлө турак жай алары күтүлүүдө.

Балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. 2026-жылдын 1-июнунан тарта 3 жашка чейинки бардык балага ай сайын берилүүчү ”Бала ырысы” жөлөкпулу үй-бүлөнүн кирешесине карабастан киргизилди, ”Балага сүйүнчү” төлөмү да сакталып калат.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-апрелинен баштап мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулап, болжол менен 200 миң адамга таасир этет. Ошондоо эле ал азыркы коомдун баалуулуктарына да өзгөчө басым жасады.

”Ар бир жаран чынчылдык — күч экенин, ишеним — ресурс экенин, диалог — заманбап коомдун негизги шарты экенин жүрөгү менен түшүнүшү керек. Баарыбыз өзгөрүшүбүз керек. Билимдүү эл гана утат”, — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Кыргызстан кичинекей, бирок терең тарыхы бар, тынчтык жана ынтымак жолун тандап алган өлкө экенин белгиледи.

”Ийгиликтин пайдубалы — биримдик. Биздин жол — ынтымактын жолу”, — деп белгиледи минкаб төрагасы.

Өлкөнүн башкы аянтындагы Нооруз майрамы масштабдуу маданий программа менен коштолду. Аянтта боз үйлөр тигилип, салттуу жашоо элементтери, улуттук тамак-аштар, кол өнөрчүлүк, кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган чыгармачыл топтордун оюн-зооктору көрсөтүлдү.