Нооруз-2026: "Намыс" командасы көк бөрүдө мыкты экенин далилдеди

Спорт Загрузка... 22 Март 2026 13:40
gPXDSnWJyT6CqZlLb7A0.jpeg
copyright icon Көк бөрү федерациясы

Бишкек, 22.03.26. /Кабар/. Күн мурун Чолпон-Ата шаарында өткөн Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча салттуу турнирдин Жогорку лигасынын финалдык беттештери болуп өттү.

Көк бөрү федерациясынан билдиришкендей, мелдештин финалдык беттешинде "Ынтымак" жана "Намыс" командалары күч сынашты. Негизги убакытта 3:3 эсебинде тең чыгып, кошумча убакыт берилгенде 4:3 эсебинде "Намыс" командасы мыкты экенин көрсөттү.

tx8IyUW8oDjzgRw1huQV.jpeg

Ага чейин үчүнчү орун үчүн "Шахтёр" жана "Алтын-Альянс" командалары кез келди. Чыңалуу менен өткөн оюндун жыйынтыгында "Шахтёр" командасы атаандашын 3:2 эсебинде жеңип алып, ардактуу 3-орунду ээлеген.

Ал эми "Достук" жана "Мурас" командаларынын оюнчулары өз ара уруша кеткенине байланыштуу эки команда тең таймаштардан четтетилген болчу.