Ноокендеги сел: Чыгымдар такталып, калыбына келтирүү кызуу жүрүүдө

Аймак Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 16:50
748986084_1716408216177943_4394977135818203732_n.jpg
749958628_1716408309511267_3335302568659819254_n.jpg
750402837_1716408262844605_7650078284962610871_n.jpg
746129987_1716408459511252_2928536919745148883_n.jpg
747931192_1716408622844569_4604812437413537756_n.jpg
747970024_1716408416177923_4680893560552158405_n.jpg
748573704_1716408519511246_4116132032825346902_n.jpg
748873888_1716408566177908_2540516489748547164_n.jpg
748963451_1716408359511262_7151541258075350627_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы

Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жана Момбеков айыл аймагында селдин кесепетинен инфратүзүмгө жана турак жайларга келтирилген чыгымдарды тактоо башталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришкендей, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык 4 жумушчу топ түзүлдү. Алар жеринде изилдөө жүргүзүп, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жана тиешелүү актыларды түзүү боюнча иш алып барууда.

"Учурда жалпы 788 кызматкер, 70 атайын техника жана 8 мотопомпа тартылып, турак жайларды, короо-жайларды жана көчөлөрдү ылай-кумдан тазалоо, сел калдыктарын чыгаруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ табигый кырсыктын кесепеттерин кыска мөөнөттө жоюу жана жабыркаган тургундарга зарыл жардамдарды көрсөтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалып жатканын кабарлады.