Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Ноокен районунда курула турган мөмө-жемиштерди сактоочу транспорттук-логистикалык борбордун эскиздик долбоору даярдалды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана ташуу үчүн заманбап инфраструктураны түзүүгө багытталган.
"Логистикалык борбордун курулушу түшүмдү сапаттуу сактоого, продукцияны ички жана тышкы рынокторго өз убагында жеткирүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот", - деп айтылат маалыматта.
Учурда эскиздик долбоор белгиленген тартипте тиешелүү кароо жол-жоболорунан өткөрүлүүдө.