Ноокенде экологиялык рейд өттү: Абаны булгаган айдоочулар айыпка жыгылды

Аймак Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 10:15
a29da1a7-4576-4e6f-a2ed-a5830cabebf5.jpg
7156f788-c64c-4dff-b7d4-aaeb069a96f0.jpg
ee34c71e-bf63-4da0-aa3d-f0c796ea5e66.jpg
Алдыга
Артка
a29da1a7-4576-4e6f-a2ed-a5830cabebf5.jpg
7156f788-c64c-4dff-b7d4-aaeb069a96f0.jpg
ee34c71e-bf63-4da0-aa3d-f0c796ea5e66.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун Ноокен районундагы бөлүгүндө атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө жалпы 15 унаа токтотулуп, техникалык абалы текшерилди.

Текшерүүдө унаалардан чыккан түтүндүн курамы жана зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерден ашуусу дымомер аппаратынын жардамы менен аныкталды. Жыйынтыгында үч айдоочуга 22 миң 500 сом айып пул салынды.

Рейддин негизги максаты унаадан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн көзөмөлдөө, абанын булгануусунун алдын алуу жана айдоочулар арасында экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.