Ноокаттын Каранай айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Жогорку Кеңеш 4091 20 Июнь 2025 17:00
509828531_1035102598802962_2656507784134226967_n.jpg
509203699_1035101875469701_975815318634508611_n.jpg
492839087_1035101668803055_6758319060487624015_n.jpg
499273751_1035101718803050_2689513217008103667_n.jpg
505366297_1035101622136393_2793918094183399131_n.jpg
509063087_1035102782136277_2101900218502442866_n.jpg
509609669_1035103082136247_7642374754291595712_n.jpg
509613962_1035102375469651_3148818209049694597_n.jpg
509889280_1035102685469620_8676138840013846880_n.jpg
510463603_1035102125469676_4703586086943473452_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 20.06.25./Кабар/. Ноокат районунун Каранай айылына 225 орундуу мектептин пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, депутаттар Надира Нарматова, Нилуфар Алимжанова, Советбек Рустамбек уулу, Равшанбек Рысбаев, Сайпидин Зулпуев жана президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев катышты.

Аземдин алкагында жергиликтүү эл менен да баарлашкан Төрага өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу кеңири кеп кылды.

“Акыркы төрт жыл аралыгында миңдеген чакырым жолдор салынып, жүздөгөн билим берүү жайлары жана саламаттыкты сактоо мекемелери курулду. Калктын социалдык-инфаструктуралык маселелерин чечүүгө багытталган мындай аракеттер дагы улантылат. Анткени, туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын негизинде казынабыз эселеп өсүп, мүмкүнчүлүктөрүбүз кеңейип барат”, – деди төрага.