Ноокат районунда 12 ири ишкана ачуу пландалууда

Аймак 15 апрель 2026 15:41
Ноокат районунда 12 ири ишкана ачуу пландалууда

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Ноокат районунда 12 ири ишкананы ачуу пландалууда. Бул тууралуу райондун акими Данияр Шейшеканов президент Садыр Жапаровго Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен тааныштырганда билдирди.

Аким белгилегендей, пайдаланууга бериле турган ишканалардын ичинде кирпич жана асфальт-бетон заводдору, тигүү цехи жана жашылча-жемиш сактоочу заманбап кампа бар.