Никол Пашинян Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ийгиликтерди каалады

Загрузка... 06 Декабрь 2025 15:22
IMG_20251206_152157_180.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Сиздин жетекчилигиңиз учурунда Кыргызстан саясий, социалдык-экономикалык, илимий-билим берүү жана маданий тармактарда прогресске багытталган ырааттуу жана принциптүү реформалары, ошондой эле өлкөңүздүн эл аралык аренадагы ролун жаңыча чагылдырууга багытталган кадамдары менен айырмаланып турат.

Бекем достук жана өз ара сыйлашуунун негизинде курулган мамлекеттер аралык мамилелердин динамикасын ырааттуу өнүктүрүү, жаңы келечектүү багыттарды жана өз ара пайдалуу долбоорлорду аныктоо жана ишке ашыруу Армения менен Кыргызстандын мамлекеттер аралык күн тартибин байытууга көп жагынан өбөлгө түзөт деп ишенем.

Сизге чың ден соолук жана Кыргызстандын достош элинин жыргалчылыгын көздөгөн ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.