Никита Высоцкий: Россия менен Кыргызстандын кинематографиясын көрүүчүлөр бириктирет

Маек Загрузка... 04 Ноябрь 2025 14:24
13-nikita-vyssoczkij-vladimir-gerdo_tass-scaled-e1708592556148.jpg
copyright icon WWW

"Август" жана "Советтер союзунун сүйүүсү" тасмаларынын режиссёру Никита Высоцкий Бишкекке "Кыргызстан 2025" Россия кино фестивалынын алкагында келди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тасмалардагы иши, көрүүчү үчүн маанилүү болгон эмоциялар жана Россия менен Кыргызстандын киночуларын бириктирген нерселер жөнүндө айтып берди.

– "Август" тасмасынын идеясы кантип жаралган? Жеке максаттанбы же тарыхый ойдонбу?

– Тасманын идеясы Анатолий Максимов менен Константин Эрнстке таандык. Алар чогуу көптөгөн тасмаларды тартышкан — балким, сиздердин окурмандар "Викинг", "Адмирал", "Түнкү дозор", "Күндүзгү дозор" жана башкаларды көргөндүр. Бул ар дайым чоң, маанилүү кинолор болуп келген, алар ушуга адистешкен.

Константин Эрнст романды окугандан кийин аны экрандаштырууну каалай турганын айткан. Биз, режиссёр жана актёрлор, бул идеяга тез эле берилип кеттик. Менде башында "Кырк төртүнчү жылдын августунда" тасмасын тартуу ниети жок болчу, бирок ишке кошулгандан кийин, бул туура жана өз убагында экенин түшүндүм. Продюсердик ой менен башталган иш менин жеке ишиме айланды.

– Сиздин оюңузча, "Август" тасмасынын башкы эмоциясы эмнеде?

– Бул жөнүндө атайын ойлонуп көрбөптүрмүн. Эмоциялар көп. Бул эмоционалдуу тасма, көрүүчүлөр табышмакты чечүү керек болгон детективге окшош кабыл албастан, тасманын ичине киришет.

Тасма согуш, жоготуулар, эң жакын адамдардын өлүмү жөнүндө. Каармандар төртунчү жылга аяк баскан согуш шартында жашап, бирок өз ишин улантышат. Көрүүчү өзүн биз түзгөн, убакыт жана реалдуу окуялар менен түзүлгөн бул дүйнөнүн ичинде сезиши маанилүү.

Эгер адам өзүн болуп жаткан окуялардын катышуучусу жана күбөсү катары сезсе, демек, эмоциялар жана идеялар туура жеткирилген болот. Эгер андай болбосо — демек, ал экрандагы көлөкөлөрдү карап эле унутуп койду.

Картина азыр Россияда көрсөтүлүп, жандуу жооп кайтарууларды алууда. Кыргызстанда мага бир нече адам тасманы көргөндүгүн айтышты, кыязы, алар расмий эмес көрүүгө мүмкүнчүлүк табышкан, анткени тасма азырынча платформаларда мыйзамдуу түрдө чыга элек.

– Сюжет терең жана оор сезимдерди талап кылганда актёрлор менен кантип иштейсиз?

– Актёр — профессионал, ал муну билиши керек. Бирок, оркестрдегидей эле, бир темага жана маанайга баш ийген нерсе бирдиктүү угулуп турушу үчүн бардыгын бириктирүү маанилүү.

Биздин актёрлор башкы ролдордо да, эпизоддордо да эң мыкты ойношот. Ал тургай үчүнчү пландагы аткаруучулар да ишке өтө олуттуу мамиле кылышты. Эгер сиз экинчи пландагы адамдарды көрсөңүз, алар кокусунан келген адамдар эмес. Алар менен гримдөөчүлөр, костюмчулар иштешет, биз да алар менен өз ара аракеттенебиз.

Кино тартуу узакка созулат жана бир абалды, бир эмоционалдык перспективаны кармап туруу маанилүү. Бул жерде режиссёр актёрлорго жардам бериши керек.

– "Август" жана "Советтер союзунун сүйүүсү" тасмаларынын ортосунда байланыш, ички диалог же карама-каршылыктар барбы?

– Алар болжол менен бир убакытка жана биздин адамдардын бир муунуна таандык. Бирок, бул ар башка картиналар. Алардын жалпы чыгармачыл тобу бар — ошол эле операторлор, көптөгөн актёрлор.

"Советтер союзунун сүйүүсү" тасмасында башкы ролдорду ойногон Кирилл Кузнецов менен Роман Васильев бул жерде экинчи пландагы, бирок абдан туюндурма ролдордо тартылышкан. Тасмалар интонациясы жана көрүүчүгө кайрылуусу боюнча айырмаланат, бирок эки тасма тең кесипкөйлүк жана чынчылдык менен тартылган.

– Аскердик кинодо сиз үчүн эмне маанилүү — фактылардын аныктыгыбы же адам мүнөзүнүн күчүбү?

– Экөө тең — алар бири-бири менен байланышкан. Эгер окуя олуттуу жана кызыктуу болсо, ал чындыкка дал келген фактыларды да, күчтүү адамдарды, тиешелүү мүнөздү да талап кылат. Каарман — бул чыгарманын идеясы. Эгер күчтүү мүнөз жок болсо, демек, идея да жок.

– Сиздин оюңузча, бүгүн Россия менен Кыргызстандын кинематографиясын эмне бириктирет?

– Менин оюмча, бизди көрүүчү бириктирет. Жакында Санкт-Петербургда кыргыз киносунун жумалыгы өттү, анда биздин жалпы, бир тарыхый мейкиндикте жашаган көрүүчүлөрүбүз бар экени байкалды. Биз ар кайсы өлкөлөрдө болсок да көрүүчүлөр үчүн иштейбиз. Көптөгөн кыргыз режиссёрлору Россияда окуп, такшалмадан өтүшкөн, айрымдары бизде иштешет. Бизди көп нерсе — география, тарых жана адамдар бириктирет.

– Эгер Кыргызстанда тасма тартсаңыз, ал эмне жөнүндө болмок?

– Менин оюмча, жөн эле "Кыргызстанда тасма тартып коёюнчу" деген идея болбошу керек. Кино — татаал жана жоопкерчиликтүү иш, ал андай башталбайт. Бирок, качандыр бир убакта ой жүгүртүүдөн жана ички зарылчылыктан өсүп чыккан идея пайда болсо, аны Кыргызстанда ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин түшүнөм. Мен силерге визасыз, эч кандай формалдуулуксуз учуп келдим. Жана мен жалгыз эмесмин. Менимче, биздин көптөгөн кинематографисттерибиз өлкөлөрүбүз жакындап жатканын сезишет жана сөзсүз чогуу иштешүүнү каалашат.