Никарагуа ЕАЭБден байкоочу макамын берүүнү сурады

Дүйнө Загрузка... 27 Июнь 2025 17:17
WhatsApp Image 2025-06-27 at 17.24.58.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Никарагуа Евразиялык экономикалык биримдиктен байкоочу макамын берүүнү сурады. Бул тууралуу БелТА маалымат агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, мындай пикирин Минскте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумда Никарагуанын тең-президенттеринин инвестиция, соода жана эл аралык кызматташтык боюнча кеңешчиси Лауреано Ортега Мурильо айткан.

"Никарагуа расмий түрдө маанилүү биримдиктен байкоочу макамды алууга сунушун киргизди. Биз дагы бир жолу бул маанилүү максат экенин белгилейбиз. Биз Россия Федерациясы, Беларусь менен медицина, фармацевтика, жабдууларды жеткирүү, банктык инструменттер боюнча ири долбоорлор менен иштеп жатабыз”, - деген ал.

Ошондой эле Мурильо макамды алуу үчүн бардык зарыл процедураларды жана талаптарды аткарууга даяр экендиктерин билдирген.