Нигерияда террористтер туткундаган 300 окуучунун 50сү качууга үлгүрдү

Дүйнө Загрузка... 24 Ноябрь 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-11-24 at 08.57.26.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.25 /Кабар/. 21-ноябрга караган түнү Нигериянын Нигер штатында католиктик Ыйык Мария мектебине куралчан адамдар кол салып 315 адамды туткунга алган. Алардын 303чү окуучу жана 12си мугалим болгон.

CNN каналына таянып, БелТа билдиргендей, уурдалгандардын ичинен 50 окуучу качып чыгып, үйлөрүнө жетишти.

Рим папасы Лев XIV өз кайрылуусунда калган окуучулар менен мугалимдерди бошотууга чакырып, бийлик органдарын тез чара көрүүгө үндөдү.

Акыркы мезгилдерде мектептерге болгон чабуулдардын көбөйүшүнөн улам, Нигериянын президенти Бола Тинубу пландалган чет өлкөлүк сапарларын токтотту. Коопсуздук үчүн өлкөнүн 10 штатында мектептер убактылуу жабылып, аймактарга кошумча аскер жана полиция күчтөрү жөнөтүлдү.