Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Нигериянын президенти Бола Тинубу улуттук коопсуздук боюнча өзгөчө абал жарыялап, Куралдуу күчтөр менен полицияга кошумча кызматкерлерди тартууну буйруду. Бул тууралуу өлкө президентинин администрациясынын жарыялаган билдирүүсүндө айтылганын ТАСС кабарлады.
"Бүгүн, коопсуздук боюнча өзгөчө кырдаалдын өзгөрүшүн эске алуу менен, мен улуттук коопсуздук боюнча өзгөчө абал жарыялоону чечтим жана Куралдуу күчтөр үчүн кошумча кызматкерлерди тартууну буйрудум. Полиция кошумча 20 миң кызматкер топтойт, алардын саны 50 миңге жетет. Даярдыктар Улуттук жаштар жарандык кызматынын окуу лагерлеринде өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Президент чиркөөлөр менен мечиттерди аскер кызматкерлери үзгүлтүксүз тинтип тураарын белгиледи.
Эске салсак, Нигерияда террористтер бир нече мектепке кол салышкан. 25-ноябрда бийлик 17-ноябрда Кебби штатындагы Магага жасалган кол салууда террористтер тарабынан барымтага алынган 24 мектеп окуучуну бошотууну камсыз кылды. 20-ноябрдан 21-ноябрга караган түнү Нигер штатынын Папири шаарында 300дөн ашык окуучу уурдалган. Алардын элүүсү 23-ноябрда үйлөрүнө кайтып келишкен.
Мектептерге кол салуулардын көбөйүшүнө байланыштуу Нигериянын президенти чет өлкөгө пландалган сапарларын токтотту. 36 штаттын 10унда бийлик коопсуздук максатында мектептерди жапты. Кошумча аскер жана полиция күчтөрү жайгаштырылды.