Нигерияда холера оорусунан кеминде сегиз адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 28 Август 2025 17:55
WhatsApp Image 2025-08-28 at 17.37.44.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Нигерияда холера оорусунан кеминде сегиз адам каза болду. Бул тууралуу Известия гезити жазды.

Маалыматка караганда, холера оорусу Нигериянын түндүк-батышындагы 11 айылда 200дөн ашык кишиге жуккан. Медициналык кызматка жетүүнүн чектелгендигинен улам абал ого бетер курчуп жатат.

Жабыркаган айылдардагы саламаттыкты сактоо мекемелери, анын ичинде Насарава-Буркуллу, Гурусу жана Адабкадагы ооруканалар толуп, көптөгөн бейтаптар үйдө дарыланууда.

"Учурда 21ден ашык бейтап биздин ооруканага жаткырылды, алардын үчөө Насаравадагы ооруканага кечигип баргандыктан каза болду", - деди Гурусу айылынын башчысы Мухаммад Жибчи.

Дагы бир тургун анын айылында 53 адам холера оорусуна чалдыкканын, ага эч кандай дары жок экенин айтты.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери айыл жерлеринде жана шаарлардын жакыр райондорунда таза суунун жетишсиздигин белгилешүүдө. Анткени холера оорусу суу аркылуу жугат.