Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Нидерланддардын Роттердам шаарынын жолдорунда 1-августтан тарта биринчи жолу өзү башкарыла турган автобус жүрө баштайт. Бул тууралуу Euronews кабарлайт.
Маалыматка караганда, айдоочусу жок автобус Нидерланддардын жолунда алгачкы сапарына чыгууга даяр. 1-августтан тарта жүргүнчүлөр аны менен Роттердамдан Гаагадагы аэропортко бара алат.
Өткөн жума күнү да унаа сыноодон өткөн.
Автобус каттамга чыкканда айдоочу кабинада болот. Ал автопилоттук системаны көзөмөлдөп турат.
Жолдогу абалды көзөмөлдөө үчүн автобуста камералар, сенсорлор жана радарлар орнотулган.
Мындай автобустарды пайдалануу кадр жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө көмөк көрсөтөрү айтылууда.
Улуттук жол башкармалыгы автобуска "кеңири сыноодон" кийин гана коомдук жолдорго чыгууга уруксат берген.
Адистердин айтымында, учурдагы мыйзамдар жана эрежелер коомдук жолдордо өзүн-өзү башкаруучу унааларды колдонууга азырынча уруксат бербейт.