Нидерландда 1600 дени сак адам майыптык боюнча жөлөк пул алып жүрүшкөн

Дүйнө Загрузка... 04 Декабрь 2025 10:36
WhatsApp Image 2025-12-04 at 08.17.26.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Көп жылдар бою Нидерландда Социалдык камсыздандыруу кызматы майыптык боюнча жөлөк пулдарды эсептөөдө олуттуу каталарды кетирип, бул 10 миңдеген жарандарга таасир эткен. Бул тууралуу ТАСС өлкөнүн Эсептөө палатасынын отчетуна шилтеме жасап билдиргенин, БелТА жазды.

Аудиторлордун маалыматы боюнча, 2020-жылдан 2024-жылга чейин болжол менен 33 миң адам туура эмес эсептелген жөлөк пулдарды алышкан — же ашыкча көрсөтүлгөн, же аз көрсөтүлгөн. Андан тышкары, 400 жаран жөлөк пулдардан негизсиз ажыратылган, ал эми 1600 адам аларды мыйзамдуу негиздерсиз алышкан. Отчетто бул көптөн бери кетирилип келе жаткан каталардын себептери өкмөттүн начар көзөмөлүндө экени, ал жөлөк пулдарды берүү процессин көзөмөлдөөнүн ордуна арыз берүү кезегин жок кылууга багытталганы белгиленет.

Социалдык камсыздандыруу кызматы буга чейин 43 миң жөлөк пул дайындоолорун карап чыгууну баштады. 2020-жылдан 2024-жылга чейин жалпысынан 252 миң төлөм берилген, бирок агенттиктин толук кароо жүргүзүүгө ресурстары жетишсиз.