Бишкек, 16.07.26 /Кабар/. Нидерландда 22-июндан 5-июлга чейин созулган аптаптуу ысыктын кесепетинен 900дөн ашуун адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Коомдук саламаттык сактоо жана айлана-чөйрө боюнча улуттук институтуна (RIVM) таянып, Казинформ билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, өлүмдүн так себептери аныктала элек. Бирок адистердин баамында, бул ысык каза болгондордун көбүнүн өлүмүнө олуттуу таасир эткен. Алардын басымдуу бөлүгү 80 жаштан ашкан улгайган адамдар болгон.
RIVM ысык аба ырайы улгайган адамдар, ошондой эле жүрөк-кан тамыр жана өпкө оорулары бар бейтаптар үчүн өзгөчө кооптуу экенин белгилейт.
Андан тышкары, аптап мезгилиндеги абанын булганышы да ден соолукка келтирген коркунучту күчөткөн.
Өлүмдөрдүн көбөйүшү өлкөнүн бардык аймактарында катталган. Бирок эң жогорку көрсөткүч температура эң көп көтөрүлгөн түштүк жана чыгыш аймактарында байкалган. 22–28-июнь аралыгында 586 өлүм катталса, 29-июндан 5-июлга чейин дагы 325 учур катталган.
Белгилей кетсек, бул аптап учурунда Нидерланддын Падышалык метеорологиялык кызматынын тарыхында биринчи жолу экстремалдуу ысыкка байланыштуу эң жогорку деңгээлдеги эскертүү жарыялаган. Мындай эскертүү 2019-жылдагы рекорддук ысык маалында да берилген эмес.
Буга чейин маалымдалгандай, июнь айынын соңунда Европаны каптаган рекорддук ысыктын кесепетинен континент боюнча 10 миңден ашуун өлүм катталган.