New York Times Кыргызстанды саякатка ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына киргизди

Туризм Загрузка... 09 Январь 2026 15:06
599960216_3661236744019498_6451906996621905704_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.01.26. /Бишкек/. The New York Times гезити Кыргызстанды саякатка ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына киргизди.

Аталган гезиттин “Саякат” бөлүмүндө жыл сайын саякаттоого ыңгайлуу 52 жер жарыяланат. Эми туристтер жаңы тизмеге көз жүгүртүп, 2026-жылы эс алуусун баштаса болот.

Кыргызстан бул тандоодо Тянь-Шань тоолору менен өзгөчөлөнгөнү белгиленген. Анда туристтер жөө басып эле көз жоосун алган көлдөрдү көрүп, бийик аска-зоолордун кооздугуна суктанса болору айтылат. Ошондой эле Көл-Суу, Таш-Рабат, Саймалуу-Ташка да баруу сунушталат.

“Туристтер өз алдынча Бишкекке учуп келип, туркомпаниялар аркылуу ар түрдүү багыттарда каттамдарын уюштурса болот”, - деп белгиленет гезитте.

Өлкөгө эс алууга июнь – сентябрь айларында келүү керектиги да кошумчаланган. Анткени бул убакта ашууларга кар түшпөйт жана көлдөр тоңбойт.