Непалдагы акциялар. The Kathmandu Post гезитинин серверлеринин иши үзгүлтүккө учурады

Дүйнө Загрузка... 10 Сентябрь 2025 10:25
WhatsApp Image 2025-09-10 at 08.29.07.jpeg

Бишкек, 10.09.25 /Кабар/. Непалдагы акцияларга катышкан адамдар The Kathmandu Post гезитине таандык Kantipur Publications медиахолдингинин имаратына чабуул коюп, өрт чыгарышкан. Натыйжада гезиттин серверлери иштебей калган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, гезит жаңылыктарын өзүнүн X (мурунку Twitter) баракчасына чыгарып жаткандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, 4-сентябрда Непал өкмөтү катталбаган айрым мессенжерлер менен социалдык тармактардын ишин чектеген. 8-сентябрда бул чараларга каршы миңдеген адамдар Катманду жана башка шаарларда нааразычылык акциясына чыгышкан. Тартипти сактоо үчүн аскерлер тартылып, коменданттык саат киргизилген. Кагылышууларда 20дан ашуун адам каза болуп, 500дөн көбү жаракат алган. Күн мурун өкмөт чектөөлөрдү алып, премьер-министр Шарма Оли отставкага кетти.