Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Непалдагы кар көчкүдө жети альпинист каза болуп, төртөө дайынсыз жоголду. Бул тууралуу "Катманду Пост" гезитине шилтеме кылып, Известия кабарлады.
Маалыматка караганда, Непалдагы Ялунг-Ри чокусунун базалык лагерине кар көчкү түшкөн.
Каза болгондордун арасында 3 АКШ жараны, 1 канадалык, 1 италиялык жана 2 непалдык жаран бар.
Долакха округунун полиция кызматкери Гьян Кумар Махатонун айтымында, дагы 4 адам жаракат алган.
Полициянын маалыматы боюнча, кар көчкү чет элдик жана непалдык альпинисттердин тобу жана алардын гиддери Ялунг-Ри тоосунун этегинен Долма-Кханг (6332 м) чокусуна чыгууга даярданып жатканда түшкөн. Окуя болгон аймакта куткаруу иштери уланууда.