Непалда катуу жааган кар жана жаандан улам 2 миңге жакын турист эвакуацияланды

Дүйнө 31 октябрь 2025 09:15
Непалда катуу жааган кар жана жаандан улам 2 миңге жакын турист эвакуацияланды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 31.10.25 /Кабар/. Непалда токтобой жааган жамгыр жана катуу кардын айынан тоолуу аймактарда калган 2 миңге жакын жергиликтүү жана чет элдик туристтер эвакуацияланды. Бул тууралуу Nepal News порталы билдирди.

Катуу жааган кар Гималай тоолорунда треккинг сезону кызуу жүрүп жаткан учурга туш келди. Натыйжада Мананг, Мустанг, Мьягди жана Горкха сыяктуу тоолуу райондордо көптөгөн туристтер кармалып калышкан. Бийлик өкүлдөрү 1,5 миңден ашуун жергиликтүү жана 200дөн ашык чет элдик турист коопсуз жерге жеткирилгенин кабарлады.