Бишкек, 28. 02.25. /Кабар/. Непалда 5,5 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору кабарлаганын ТАСС билдирди.
Маалыматка караганда, зилзаланын очогу 1,6 миң киши жашаган Кодаринин батыш тарабындагы 10 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Непалдын улуттук сейсмологиялык борбору белгилегендей, өлкөнүн кээ бир райондорунда жер титирөөнүн күчү 6,1 баллга жеткен.
Азырынча кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек.