Эверестти багындыруунун 72 жылдыгы. Непал альпинисттер үчүн эрежелерди сунуштоодо

Дүйнө Загрузка... 30 Май 2025 11:33
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Непал планетадагы эң бийик чоку Эверестке биринчи жолу чыкканынын 72 жылдыгын белгилеп жатат. Бул тууралуу “Eouronews” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, саамалыкты Непалдын Маданият, туризм жана жарандык авиация министрлиги уюштурууда.

Эверест, Непалдагы Сагарматха жана Тибеттеги Джомолунгма деп да белгилүү. 1920-жылдардан бери альпинисттерди өзүнө тартып келет. Бирок, 1953-жылы гана англиялык экспедициянын эки мүчөсү Эдмунд Хилари менен Тензинг Норгай аягына чыгып, Улуу Британиянын ханышасы тарабынан рыцарлык наам ыйгарылган.

Ошондон бери планетанын эң бийик чокусуна чыгуу эл аралык альпинизмдин эң чоң жетишкендиги болуп калды.

Акыркы он жылда Эверестке экспедициялардын басымдуу көпчүлүгүн Непалдагы коммерциялык операторлор уюштуруп, тоого жетүү үчүн лицензияларды, ошондой эле гид түрүндөгү кошумча кызматтарды сатышкан.

Быйыл жазында өлкөдө тажрыйбалуу альпинисттерге – бери дегенде жети миңди багындырган тажрыйбасы барларга гана уруксат берүүнү чектөө сунушталган мыйзам долбоору сунушталган.

Мыйзам долбоорунун авторлору тажрыйбасы аз, энтузиасттар Эвересттин боорлорунда кооптуу жагдайларды жаратып, машыгуунун жетишсиздигинен жаракат алып, каза болуп жатканын белгилешет.