Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова белгилүү советтик жана россиялык театр жана кино актрисасы Наталия Аринбасарованы Кыргызстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады.
Ал өз сөзүндө актриса Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз маданиятын жана улуу жазуучунун мурасын дүйнөгө таанытууга кошкон зор салымын белгиледи.
Андан тышкары, Молдокматова дүйнөлүк кинонун белгилүү өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келиши жөн гана жаркын маданий окуя болуп калбастан, конкреттүү эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга, биргелешкен кино өндүрүшүн өнүктүрүүгө негиз болушу керектигин маалымдады.
Эскерте кетсек, бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Голливуд актерлорунун, кинопродюсерлердин жана эл аралык киноиндустриянын белгилүү өкүлдөрүнүн катышуусунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-конференция өттү.